Кыргызстандын жаратылышы өзүнүн кооздугу менен өзгөчөлөнөт. Өлкөдө бардыгы болуп сегиз мамлекеттик коруктар жана тогуз улуттук жаратылыш парктары бар. Аларды байырлаган жаныбарлар жана куштар мыйзамсыз аңчылардын кызыгуусун арттырып турат. Мамлекеттик егерлер менен катар жер-жерлерде жамаат болуп түзүлгөн ыктыярчы егерлер да аңчылык кылгандар менен күрөшүп келет. Алар өздөрү жашаган аймакты корукка алып, биоартүрдүүлүктү калыбына келтирүүдө.
Жапайы жаратылыш сакчысы, ыктыярчы егерь Талант Усупов Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Чоң-Жаргылчак айылынын тургуну. Буга чейин жалгыз дыйканчылык менен гана алектенип келген. Талант эки жылдан бери каралбай калган корукту кайра калыбына келтирүү иштери менен алек. Айылдыктар “Ала-Тоо Бугу” аттуу жамаат түзүшүп, микрокорукту калыбына келтирүүнүн үстүндө иштеп жатышат.
“Биздин айылда мурун Союз учурунда корук бар эле, кийин ал каралбай калган. Өзүбүздүн айылдын тургандары жапайы жаныбарларга аң улоого чыгып, жаныбарлар азайып кеткен. 2021-жылы “Илбирс” фонду менен таанышып калдык, алар корукту биз өзүбүз кантип кайра калыбына келтире аларыбызды түшүндүрүп беришти. Бир айдан кийин биз менен “Кемп Ала-Тоо” коомдук фонду байланышып, Чоң-Кеминдеги “Шумкар-Төр” аттуу коомдук уюмдун иши менен тааныштырышты. Ал жактан жаныбарларды айылдан алыс эмес жерден өз көзүбүз менен көрдүк, ошондо бизде чындап кызыгуу, мотивация пайда боло баштады. “Шумкар-Төр” 2013-жылы түзүлүптүр, алар он жылда жетишкен жыйынтык бизге ишеним берди, биз дагы ушундай көрсөткүчтөргө жетишсек деп максат койдук. Окуудан келгенден кийин “Кемп Ала-Тоо” бизге дүрбү, рация, жакындатып көргөзүүчү аппарат, фотокапкан, фотоаппарат алып беришти. Аларды орноткондон кийин бир эки айдын ичинде жаныбарлар түшкөнүн көрүп, бул бизге дагы бир жолу шык берди”,- дейт ал.
Уюмдун иштегение быйыл апрелде эки жыл болот. Ошондой болсо дагы кыска убакта бир катар ийгиликтерге жетишишкен.
“Мисалы, биздин тоодо мурун каман, чочко, бугу да бар эле, бирок аңчылар атып жок кылышкан. Анткени аңчылыкта адамдарда азарт пайда болуп, жапайы жаныбарларды толугу менен кырып жок кылмайынча адымсынбайт экен. Азырынча биздин фотокапканга бир каман түшүпүр, бирок ал жалгыз жүрүшү мүкүн эмес деп, болжолдуу түрдө он каман чочко бар деп эсептеп койдук. Башка жаныбарлардын түрлөрү боюнча айтсак, учурда фотокапканга илбирс, сүлөөсүн, эчки, теке, түлкү, суур, суусар, карышкыр түштү. Дагы бир көрүнбөй жок болуп кеткен жаныбарлардан элик пайда боло баштады. Азыр башка жактан бугу алып келели деп аракет кылып жатабыз”.
Усуповдун айтымында уюм жаңы ачылганда көптөр ишенген эмес, алардын арасында мурунку аңчы болгондор дагы бар эле. “Фото капканды койгондо бир аңчы түшүп калыптыр, анын үйүнө барып, сени көрдүк деп, аңчылыктын терс жактарын айтып түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин эл бизге ишенип башташты. Башында биздин катарга кошулабыз дегендер көп болуп, кийин тандалып отуруп он адам калдык”, – дейт жаныбарлардын сакчысы.
Учурда уюмдун 12 фотокапканы бар, анын экөөсү браконьерлердин жолуна коюлган, калганы жаныбарларга коюлган.
Айылдагы дагы бир чоң көйгөй, бул дарыядагы балыктардын жок болуп баратканы эле. “Күнү түнү кайтарып жүрүп балык уулоону токтоттук. Азыр тоодогу суудан балыктардын секирип жүргөнүн көрсө болот. Жаныбарлар менен катар чычырканакты да коргоого алдык, мурун эл анын бутактарын талкалап сындырып, ал жок болуп бараткан. Эми чычырканак да көбөйө баштады, аны менен катар кыргоол да көбөйдү, анкени чычырканак анын тамагы”.
Snow Leopard Foundation in Kуrgyzstan фондунун жетекчиси Кубанычбек Жумабай уулунун айтымында микрокоруктар бардык жагынан пайдалуу. “Микрокоруктар майда жаныбарлар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп берет, ал үчүн мамлекет акча бербейт. Айыл элине түшүндүрүү иштерин жүргүзүүү жетиштүү“.
Snow Leopard Foundation in Kуrgyzstan 2003-жылы Ысык-Көл облусундагы Ак-Шыйрак жана Эңилчек айылдарында алгач ушундай коруктарды айылдыктар менен түзүшкөн, эки айылдын эли биригип караган территориянын аянты 300 км квадратты түзөт
“Аталган эки айылдын эли кол өнөрчүлүк менен алектенишет, мисалы бир жылда Ак-Шыйрактар 700 миң сомго улуттук сувенирлерди жасашса, Эңилчектиктер 200-300 миңге жасашат. Биз аларды Америкага алып барып сатып, акчаны элге кайтарып беребиз. Мындан тышкары алар ошол коруктан аңчлылык кылбаса кайра эле андан тышкары аларга премиальный акча ортого төлөп беребез. Андан тышкары жалпы өлчөмдөн 30% акча алат. Алгач эл, бул эмне болгон программа деп түшүнгөн жок, кийин, бул туруктуу акча экенин түшүнүп калышты. Ошондуктан азыр ал жактан үйүдөн чыгып эле жапайы жаныбарды көрсө болот”, – дейт ал.
Эксперттин айтымында, мында жамааттар Таласта , Чоң-Алайда, Көлдө, Чүйдө бар. “Булардын иш аракеттеринин аркасында жана өкмөттүн мыйзамсыз аңчылыкка айып пулду жогорулатканына байланыштуу жапайы жаныбарлардын саны, түрү көбөйүп калды.
Автор: Мунара Боромбаева.
Сүрөттөр: Талант Усуповдун өздүк архивинен алынды
Бул материал “Борбордук Азиядагы Эл аралык билим берүү дебат
ассоциациясы” Коомдук фонду (IDEA Борбордук Азия) тарабынан Кыргыз
Республикасындагы Европа Биримдиги менен өнөктөштүктө ишке ашырылган
социалдык маанилүү контент сынагынын алкагында түзүлгөн.