ЖаңылыкКлимат

Күн ысып, балчылыктан түшкөн киреше азайды

Балчылык Асанбек Сасыкуловдун үй-бүлөсүнүн киреше булагы. Учурда анын 35 балчелеги бар. Бул ишти 1 балчелектен баштаган Асанбек байке жай мезгилинде күндүн  кескин ысып жатканына байланыштуу мурдагыдай түшүм албай калганын айтат. Чакан ишкер аары  кармоо көп каражатты талап кылбаган өзгөчө тармак экенин, айрыкча жумуш жок тоолуу райондордо бал өндүрүү кирешелүү бизнес дейт. Мында эркектер менен катар аялдар дагы теңтайлашып иштей алат.

Бир балчелектен башталган бизнес

Эң алгач бир эле бал челегим бар болчу, ал дагы атамдан калган. Акырындан көбөйтүп отуруп 12ге чейин араң жеткирдим. Кийин биздин айылга «Илбирс фонд» Коомдук фондунун жардамы аркылуу балчелектер бериле баштады. Албетте, башында бизди окутушту. Аарыларды багуу, кам көрүү, аарылардагы ооруулар, аларды туура дарылоо, балды өндүрүү сыяктуу тренингдер болду. Ошонун  жыйынтыгы менен мага фонд 23 бал челек берди. Өндүрүлгөн балдын 20% айыл өкмөттөгү  экологиялык фондго төгөбүз, калганын  аарыларды бакканга жана өзүбүзгө жумшайбыз”.

Чүй облусу, Шамшы айылы: пресс-тур.

Балчылык атамдан калган кесип

Балчылык менен алектенүү бизге окшогон жумушу жок, тоолуу аймактарда жашагандарга ыңгайлуу. Башында көп деле киреше алып келбейт, бирок аарыларга жакшы кам көрсөң 2 жылда  түшүм бере баштайт. Себеби бал чогултуу 6 айга гана созулат. Бал өндүрүүдө  аялдар, эркектер деле иштей алат.  Биздин аарыларды  жубайым  экөөлөп карап жатабыз. Негизи Шамшы айылы бал кармаганга ыңгайлуу, бизде меданос, шалфей деген чөптөр көп.  Аны мал жебейт, бирок аарылардын азыгы десек болот. Учурунда атам балчылык менен алектенген, кийин көзү өткөндө апам 20 жылга жакын атамдын ишин улантып жүрдү. Ал учурда биз шаарда окуйт элек. Кийин айылга келип, атамдын бир өнөрүн мен улантам деп, бир туугандарыма сөз бергем. Ошондуктан  бул жумушту баштоо мага бир аз жеңилирээк болду. Анча-мынча атамдын бал челектери, шаймандары сакталып калган. Атам Улуу Ата Мекендик согушка катышкандыктан көп ооруйт эле. Ошондон уламбы, айтор аарыларды башкача жакшы көрчү,  кадимкидей эс алам деп айтып калаар эле. Айылдагы бели, буту ооругандарды  аарыга чактырып же  бал менен дарылачу. Кийин энем деле ошентип  жүрдү”.

Түшүм ойдогудай эмес

Чүй өрөөнүнүн жаратылышы, климаттык шарты балчылыктын өнүгүүсүнө жакшы таасир берип келген. Бирок акыркы жылдары жай өтө ысык болгондуктан биз көздөгөн түшүмдү ала албай жатабыз. Жайында жамгыр жаабайт, суу жок, ысыктан чөп күйүп кетет.  Жамгыр канчалык көп жааса аарылар ошончо көп  нектар бөлүп чыгарат. Азыр балды жарым тоннага  аз алып жатам. Мисалы, тээ 75-80-жылдары  атамдар  25 челектен эле бир тонна бал алып койюшчу. Биз 35 бал челектен араң дегенде жарым тонна алып калдык.

Себеби мал көп, чөптү туш келди тебелеп, бардыгын таптап салышат. Мурда деле мал көп  болчу, бирок ал учурдагылар  малдарын алыс- алыс айдашып, жайлоону  ирээти менен колдонушчу. Азыр чаржайыт, өздөрүнө карап унаа бара турган жакын жерлерге отуруп алышат. Талааны  койлор тебелеп кеткенден кийин ал жерге чөп деле чыкпай калат.Ошондуктан, малдын санын азайтыш керек, анын ордуна бак – дарак тигип, сөөлжан бакса болот. Ошол эле балчылыкты айтсак, аарылардын жаратылышты сактоодо орду чоң. Ал бардык өсүмдүктөрдү чаңдаштырат, аары жок болсо бизде дагы жашоо токтойт.  Алма, жер-жемиштер, арпа, беде, жүгөрү  айтор бардык өсүмдүктөр  чаңдашпаса түшүм бербейт.  Күн ысып, эмнеге климат өзгөрүүгө туш болду? Анткени, мөңгүлөр ээрип жатат.  70-80–жылдары жайдын күнү ушул жерде туруп, тоо жакты караганда чокулары аппак болгон мөңгүлөрдү көрчүбүз. Азыр көрө албайсың, мөңгү жок”.

Балчылык ак илбирсти сактайт

Азыр Чүй өрөөнүндө ак илбирсти сактоо иш- чаралары  жүрүп жатпайбы, балчылык дагы илбирсти көбөйтүүгө салым кошот. Илбирсти сактап калыш үчүн алардын азыгын таптап туруу зарыл. Малдын көбөйгөнүнө жараша биз жапайы эчки- текелерди өйдө, тоонун башына кубалап жибердик. Ал эми эчки- текелерге чөп керек. Чөп жакшы чыгыш үчүн алар  чаңдашы керек, чаңдаштырганга  аары  керек. Көрдүңүзбү, мунун бардыгы бири – биринен көз каранды, бири- бирине байланышкан”.

Атам жарадар илбирстерди дарылатчу

Менин балчылык менен алектенип калганым дагы жөн жерден эмес, атам башынан эле жапайы жаныбарларга жакын болчу. Шамшынын тоолорунда илбирстерди коргоп көп жыл боюу егерь болуп иштеди. Үйгө оорулуу же жарадар илбирстерди кармап келип, шаардагы ветврачтарга өткөрүп берчү. Илбирсти дарылашып, жакшы болгондо атама алып келип беришчү, атам болсо аны кайра тоолорго кое берчү. Мен  ал учурда кичинекей элем, клетканын ичинде кармалып турган илбирстерди далай көрдүм, ал абдан кооз жаныбар, карап эле тургуң келет, буттары  жоон, куйругу узун болот,  жүнү жумшак, жалтырап турат. Ооруган же буттары сынган эчки, теке, сүлөөсүндөрдү кармап келчү. Эсимде, бир жылдары Курманкул Сасыкуловдун илбирсти  кармоо ыкмасы деген темада,  атамды «Путушествие по Северной Киргизии» деген тасмага да тартып кетишкен. Биз кичинекей болуп кандай ыкма экенин билбей калдык. Тасманы көп издеп тапкан жокмун”.

«Илбирс фонд» Коомдук фондунун долбоорунун алкагында Кыргызстандын бир катар аймактарында жергиликтүүлөргө чакан бизнестерди ачууга жардам көрсөтүлгөн. Айрым айылдар кара өрүк отургузса, кээ бири чычырканак тикти. Бак тиккен айылдар түшүмдүн 50 %, ал эми балчылар кирешенин 20% эко фондго төгөт. Чогулган каражат кайрадан айылдагы башка экологиялык долбоорго коротулушу керек. 

Автор: Анархан Алтымышова

Видео, сүрөт: Нургазы Мусаев

Shares:

Related Posts

Климат

Жалгыз мамлекеттик оранжереянын бүгүнкү абалы

Бийиктиги 50 метр болгон чыныгы пальма дарагын  же Түштүк Американын  чөлдөрүндө, жылуу өлкөлөрдө гана өсө турган кадимки банандар менен кактустарды  Кыргызстандын кайсыл жеринде көрүүгө болот? Мунун бардыгын Бишкектеги Горький көчөсүндө
Климат

ЦАКИК-2023: “Борбор Азияда суу таңкыстыгы күчөйт”

Борбор Азиядагы суу жетишсиздиги беш глобалдык тобокелликтердин бирине кирет.Бул туурасында IPCC (МГЭИК) жумушчу тобунун башкы автору Алишер Мирзабаев Дүйшөмбү шаарындагы РЭЦЦА тарабынан уюштурулган "Климаттын өзгөрүшү боюнча Борбор-Азия өлкөлөрүнүн 5-конференциясында" билдирди.Айтымында,
Жаңылык

Видео: Үйдү жылуулонун эң арзан жолу кандай?

Үйдү жылуулонун эң арзан жолу кандай? | ЭкоЖаша - YouTube Канткенде чыгымдарды кыскартып, климаттын өзгөрүшү менен күрөшө аласыз? Бул үчүн үйүңүздү жылуулаңыз! Кыргызстандыктардын үйлөрүндөгү жылуулуктун 60% сыртка эле чыгып кетет
Климат

Биоартүрдүүлүккө салым кошкон Чоң-Жаргылчак

Кыргызстандын жаратылышы өзүнүн кооздугу менен өзгөчөлөнөт.  Өлкөдө бардыгы болуп  сегиз мамлекеттик коруктар жана тогуз улуттук жаратылыш парктары бар. Аларды байырлаган  жаныбарлар жана куштар мыйзамсыз  аңчылардын кызыгуусун арттырып турат. Мамлекеттик егерлер