Carbon Free KyrgyzstanКлимат

Климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөш. Кыргызстандын негизги документи – УДАС эмне жөнүндө?

Өткөн жылдын ноябрь айында Глазгодо БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясы өттү (COP 26). Бул биздин планетадагы климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү процессиндеги маселелерди чечүүдөгү негизги глобалдык платформа болуп саналат.

Президент Садыр Жапаров баштаган Кыргызстандын делегациясы “климаттык сүйлөшүүлөргө” активдүү катышты. Өлкө климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөштө кабыл алган милдеттенмелердин мазмунун, ишке ашыруу пландарын камтыган негизги документти – тактап айтканда Улуттук деңгээлде аныкталган салымды (УДАС) тааныштырды.

Документ жана анын мазмуну тууралуу «БУУӨПнын  климаттык перспективасы: УДАСды 2020-жылга чейин жаңылоо» долбоорунун координатору Бактыгүл Ысабекова кеңири айтып берди.

– УДАС деген эмне?

– УДАС-Париж макулдашуусуна ылайык ар бир беш жылда жаңыланып туруучу  Улуттук деңгээлде аныкталган салымдар. Кыргызстан БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясына 2000-жылы кошулган. Ал эми 2003-жылы өлкө Киото протоколун ратификациялаган. Учурда Париж келишиминин доору башталды десек болот. Анткени, 2015-жылы Парижде кол койгон тараптар температуранын жогорулашын 2°Cге жеткирбей, 1,5°Сда кармап турууну убада кылышкан. УДАС-Париж макулдашуусунун негизги элементи болгондуктан, ага кол койгон мамлекеттер алгачкы УДАС документтерин сунушташкан. 2020-жылы Глазгодогу тараптардын Конференциясынын 26-сессиясында бардык өлкөлөр өздөрүнүн жаңыланган УДАСын даярдап же парник газдарынын эмиссиясын азайтуу ниетин билдириши керек болчу. Бирок пандемияга байланыштуу конференция 2021-жылдын ноябрь айында өттү.

УДАС эмнеден турат?

–УДАС Кыргызстандын климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү планы жана анын парник газдарынын эмиссиясын азайтуу боюнча глобалдык аракеттерге кошкон салымы болуп эсептелет. Документ үч негизги компоненттен турат.

Биринчи компонент – митигация же климаттын өзгөрүшүн жайлатуу, парник газдарынын эмиссиясын азайтуу боюнча иш-чараларды өткөрүү.

Экинчиси – адаптация, б.а. климаттын өзгөрүшүнүн таасирине болгон алсыздыкты азайтуу.

Үчүнчүсү – климатты каржылоо, б.а. бардык финансылык агымдарды климатты жакшыртууга жана адаптациялоо чараларына ылайык келтирүү.

Кыргызстан 2021-жылдын октябрь айында жаңыланган УДАСды сунуштады, анын негизги максаты –2025-жылга чейин атмосфераны булгоолорду 16,63% жана 2030-жылга чейин 15,97% кыскартуу. Эл аралык колдоолор менен парник газдарынын үлүшү 2025-жылга чейин 36,61% ал эми 2030-жылга чейин 43,62% кыскарат.

-Бул милдеттенмелерди ишке ашыруу үчүн канча каражат керек?

-Климаттык өзгөрүүлөрдүн кесепеттерин жоюуга багытталган иш-чараларды аткаруунун жалпы сметалык баасы 10 млрд АКШ долларын түзөт, анын 37% өздүк ресурстар (жеке сектордун, эл аралык донорлордун, республикалык бюджеттин каражаттары) ал эми  63%  эл аралык финансылык колдоого болгон муктаждык.

-Демек, сиз атагандардын баардыгы милдеттүү тапшырмалар экен да?

-Биздин күчтүү жактарыбыз бул энергиянын кайра жаралуучу булактары, биогаз станцияларын орнотуу, геотермалдык булактарды өнүктүрүү, чакан ГЭСтерди кеңейтүү, күн жана шамал энергиясын, жылуулук энергиясын өнүктүрүү ошондой эле энергиянын натыйжалуулугу, газдаштыруу программалары.

Тараптардын конференциясынын 26-сессиясында амбициялуу максаттарды коюга чакырыктар болду. Кыргызстан төмөн эмиссия бөлүп чыгарган өлкө, ошондуктан УДАСдын максаттарына жетүү үчүн сунушталган чаралардын, экономикалык жана социалдык өнүгүүсүн эске алуусу зарыл.

Бул УДАС түзүмү, мазмуну, форматы жана сунушталган чаралар боюнча  жакшы баалоого ээ болду. Өлкө тең салмактуу документти сунуштай алды.

– УДАС кантип ишке ашат?

– Бул документтен тышкары УДАСды ишке ашыруу планы иштелип чыккан. Анда жоопкерчиликтүү тараптар аныкталган: алар мамлекеттик органдар, жеке сектор, бейөкмөт уюмдар, жарандык коом жана бул процесске катышкандардын бардыгы.

Чынында эле, УДАСды ишке ашыруу үчүн ачык-айкындуулуктун кеңейтилген тутуму, ошондой эле улуттук деңгээлде мониторинг, отчеттуулук жана текшерүү (МОВ) системасы керек. Анткени, 2025-жылы Кыргызстан документте жазылган иш-чаралардын аткарылышы туурасында  маалыматты камтыган УДАСдын жаңыртылган вариантын сунуштоого тийиш.

Ар кандай процесстин, анын ичинде климатка байланышкан маселелерде дагы негизги  кыймылдаткыч болуп жеке сектор менен жарандык коом  саналат.

Иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу – бул технологияларды тартуу, потенциалды жогорулатуу, секторду трансформациялоо, инновациялык ыкмаларды колдонуу. Система жеке сектор ушул тарапка өткөндө гана иштей баштайт.

Мамлекет тарабынан жөнгө салуучу жана фискалдык стимулдарды камсыз кылуу зарыл, б.а. жагымдуу шарттарды түзүү талап кылынат. Ал эми донорлор инвестиция тартууга, аянтчаларды уюштурууга көмөктөшөт. Мындан улам УДАСды ишке ашыруу үчүн координацияланган инклюзивдик тутумду түзүү абдан маанилүү.

-УДАСды даярдоо процессине кимдер катышып, кимдердин пикири эске алынды?

-Кыргызстан Париж келишимин 2019-жылы гана ратификациялады. Документ ратификациялангандан кийин келишимде көрсөтүлгөн бардык тараптар УДАСды жаңылоого киришет. Албетте, бизде тобокелчиликтер бар болчу, бирок глобалдык баш аламандыктарга карабастан, бардык тиешелүү тараптарды тартуу менен инклюзивдүү жана ачык процесс башталган. Ага мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун, жеке сектордун, жаштардын, донорлордун жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышкан. Мамлекет тарабынан ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлүп, Климаттын өзгөрүшү, экология жана жашыл экономиканы өнүктүрүү боюнча координациялык кеңештин платформасы түптөлгөн. УДАСдын долбоору ушул аянтчада премьер-министрдин деңгээлинде каралып, жактырылган. Донордук коомчулуктун катышуусу болсо, Кыргыз Республикасын Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн Координациялык Кеңеши аркылуу камсыз кылынды. Ал эми жарандык коом абдан активдүү болду.

Конференциянын 26-сессиясынын алдында Кыргызстандын жарандык коому, жеке сектору, жаштары өздөрүнүн позициясын даярдап сунушташты. Талкууларга илимий коомчулук да тартылган. Эми климаттын өзгөрүшү жаатында илимий потенциалды түзүү зарыл.

Дагы бир айта кетчү нерсе, бул жаштардын активдүүлүгү. Климаттын өзгөрүүсү, аларды чечүү жолдору боюнча өлкөнүн бардык аймактарында бир катар иш-чаралар, жаштар конференциялары өттү. Анда жашыл экономика принциптери, мөңгүлөрдү, экосистемаларды сактоо боюнча көптөгөн мисалдар келтирилди. Мунун баарын климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөштөгү жагымдуу көрүнүш, алдыга жылуу деп атасак болот.

Ошол эле учурда УДАСды жаңыртуу процессинин жүрүшү тууралуу маалыматтар берилип турду. Ал ачык жана жеткиликтүү болду.

-УДАСды ишке ашырууда кандай тобокелдиктер бар?

-Азыр бардык маалымат  агымдарын жөнгө сала турган мониторинг, отчеттуулук жана текшерүү тутумунун болушу зарыл. УДАС – документ сыяктуу көрүнөт, бирок бул биринчи кезекте үзгүлтүксүз жана туруктуу процесс.

Керектүү маалыматтардын, анын ичинде илимий мааниге ээ болгон маалыматтардын болушу жана жеткиликтүүлүгү УДАСды жаңылоонун, аны ишке ашыруунун туруктуу процессин камсыз кылуучу зарыл элемент болуп саналат.

Анткени, биз климат жөнүндө сөз кылганда 30 жылдан ашык мезгил туурасынд айтабыз. Мамлекеттик деңгээлде мындай үзгүлтүксүз маалыматтарды чогултуу бир топ кыйын. Ошондуктан, маалыматтарда климаттык боштук жаралып калуу коркунучтары бар.

Бизге кандай потенциалды жогорулатуу маанилүү? Илимий, тарбиялык же маалыматтыкпы?

-Илимий потенциалды чыңдоо – бул кошумча изилдөөлөрдү жүргүзүү,  изилдөөлөрдү республикалык, аймактык деңгээлде стимулдаштыруу. Климат туурасында сөз кылсак, анда ар бир аймактын өзүнө жараша климаты болгондуктан, белгилүү бир адаптация чараларын колдонуу дагы ар кандай болот. 

Албетте, бул УДАСда изилдөө потенциалын күчөтүү, ар кандай кызыкдар тараптарга маалымат берүү, ошондой эле билим берүү жана түшүндүрүү иштерин камтыган чаралар каралган. Негизи, климаттын өзгөрүшү тууралуу сөздөрдү балдардын мектеп курагындагы учурдан тарта айтып башташ керек.

Бул жылы сунушталган УДАС, Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын жана Париж макулдашуусунун бардык талаптарына ылайык келди, ошондой эле ар бир сектор боюнча максаттарды белгиледи. Кыргызстан климаттык өзгөрүүгө карата аялуу өлкө болгондуктан адаптация бөлүгүнө өзгөчө көңүл бурат, бул боюнча тереңдетилген иштерди улантуу зарыл.

Автор: Мунара Боромбаева

Сүрөт: Руслан Кубанычбеков

Shares:

Related Posts

Жаңылык

Күн ысып, балчылыктан түшкөн киреше азайды

Балчылык Асанбек Сасыкуловдун үй-бүлөсүнүн киреше булагы. Учурда анын 35 балчелеги бар. Бул ишти 1 балчелектен баштаган Асанбек байке жай мезгилинде күндүн  кескин ысып жатканына байланыштуу мурдагыдай түшүм албай калганын айтат.
Жаңылык

Видео: Үйдү жылуулонун эң арзан жолу кандай?

Үйдү жылуулонун эң арзан жолу кандай? | ЭкоЖаша - YouTube Канткенде чыгымдарды кыскартып, климаттын өзгөрүшү менен күрөшө аласыз? Бул үчүн үйүңүздү жылуулаңыз! Кыргызстандыктардын үйлөрүндөгү жылуулуктун 60% сыртка эле чыгып кетет
Климат

Климаттын өзгөрүшү Кыргызстанга кандай таасир этет?

Бириккен Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүшү боюнча отчету: «Акыркы 170 жылдан бери ар бир жыл мурдагыга караганда жылуурак болууда. Климат бардык аймактарда өзгөрүп жатат. Глобалдык жылуулуктун негизги себеби - бул адамдардын