Быйылкы кыш башка жылдардан кар жаабаганы менен айырмаланып жатат. Анткени январь айы ортолоп, кыш чилдеси түшсө да кар оор жаай элек. Бул көрүнүш Бишкекте эле эмес өлкөнүн айрым аймактарында дагы байкалууда. Климат боюнча эксперт Зоя Кретова муну климаттын өзгөрүп жатканынын бирден бир далили деп эсептейт.
«2021-жылдын декабрь айындагы аба ырайы дүйнөдө анын ичинде Кыргызстанда дагы климаттык өзгөрүүлөр болуп жатканын ырастап жатат. Тактап айтканда, быйылкы кыш кыска жана жылуу болууда. Маселен, ар бир 10 жылда январь айы 0,4◦Сга, февралда 0,5◦Сга жылуу болот. Бишкекте декабрь айында абанын температурасы туруктуу болуп келген, бирок Кыргызстандын башка аймактарында суук тенденциясы байкалчу. Ал эми «Погода и климат» сайтындагы маалыматка ылайык, 2021-жылдын декабрь айы демейдегиден дээрлик 4°C жылуу болгон, анткен менен бул рекорддук көрсөткүч эмес. Мисалы, 1971-жылдын декабрында айлык температура нормадан дээрлик 6 градуска жогору болгон».
Буга чейин деле Бишкекте абанын температурасы бир нече күн бою 20°Cнын тегерегинде болгон учурлар бар.
«Бирок, акыркы жылдары мындай көрүнүш же ысык толкундар узарып, бир нече күн бою аномалдуу суук температура азыраак байкалууда. Белгилей кетсек, акыркы 5 жылдыкта кыш мезгилиндеги жылуу күндөр төмөнкү күндөргө туура келет: 2021-жылдын 16-январында абанын температурасы +20°С, 2016-жылдын 26-февралында +25,4°С, 2021-жылдын 2-декабрында +23,7°С болгон. Климаттык болжолдоолорго ылайык, бул жылы Бишкекте жана Кыргызстандын кээ бир аймактарындагы абанын температурасынын жогорулашы уланат. Ал эми мындай карсыз жана жылуу кыш бара, бара кадимки көрүнүшкө айланат.».
Автор: Анархан Алтымышова
Сүрөт: Руслан Кубанычбеков