Электро транспорттун кеңири жайылышы абага бөлүнүп чыккан парник газдарынын эмиссиясын азайтат. Бишкекте расмий түрдө 370 000 автомашина каттоодон өткөн, өлкөгө айрыкча эски унаалар келет. Ал эми изилдөөлөргө ылайык, Кыргызстандагы унаалар орто эсеп менен жылына атмосферага 107,88 миллион тоннадан ашык көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарат.
«Asman Electronics» компаниясы өлкөгө 2020-жылдан тартып Кытайда өндүрүлгөн Skywell электро унааларын ташып келет. Компаниянын негиздөөчүсү Кадыр Алы, «башкы максатыбыз-экологияга болгон зыяндуулукту азайтуу, Бишкекти абасы булганган шаарлардын тизмесинен чыгаруу»,-дейт.
Кытайда өндүрүлгөн Skywell электро унаалары Кыргызстанга заводдон түз ташылат. Бир сапарда 8 же 16 унаа келет.
Жөнөкөй унааларга караганда баасы кымбатыраак. Модификациясына жараша 15 000 – 40 000$ чейин турат.
Азыркы келген машиналардын заряды 520км чейин жетет. Эгерде бардык талаптарга жооп берген, жогорку сапаттагы жолдо айдалса 300-400 км ге чейин жетет.
Машинанын өзүндө 2 түрдүү заряддагычы бар. Биринчиси жайыраак (слабый) заряддайт, мында каалаган жерге каалаган точкага сайып кубаттаса болот. Аны менен унааны сегиз саатта 25-30 пайызга чейин кубаттай аласыз.
Экинчи кубаттоочусу 7 кВт түзөт. Аны гараждарга оронотуп койсо болот, ал 8 сааттын ичинде 100 пайыз заярддап бүтөт.
Шаар ичине тез кубаттоочу станцияларды куруу пландалууда. Мында айдоочуга ыңгайлуу жерден машинасын жарым сааттын ичинде 100% кубаттаса болот.
Электро мобилдердин пайдасы—абаны булгабайт. Ал эми бир машина бир жылда экологияга 1000 кг көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарат. Бул экологияны буза турган бирден бир фактор.
Экинчиден—акчаңыз үнөмдөлөт. Маселен, 2 литрлик көлөмдөгү (объем) машина менен салыштыра турган болсок, күйүүчү май менен жүргөн унаа 1 жылда эң аз дегенде 160 же 180 миң сом чыгаша кылат.
Ал эми электромобилге өткөндө бир жылдык чыгымы эң көп дегенде 200 доллар же 16 миң сомду түзөт. Бул жерде 10 эсе айырма бар. Электро мобиль өзүнүн баасын 8 жылда актайт.
Калктын басымдуу бөлүгү эко-унаага өтсө, күйүүчү майлоочу майдан анчейин көз каранды болбой, импортко кеткен акча Кыргызстандын капчыгында калат.
Кытайда жыл сайын 1 миллион машина электро мобилге алмаштырылат. Мамлекети электро мобиль алган жарандарына 50% субсидия төлөйт. Корея жашыл унааны тандагандарга 40% чейин субсидия берет.
Кыргыз өкмөтү жашыл унааны кубаттай турган аялдама курууга уруксат берүүсү зарыл. Ошондой эле, электро мобиль алып келүүгө жеңилдиктер каралышы шарт. 2022-жылдан тартып, КНС (НДС) жана башка ушул сыяктуу салыктарды салуу ишке ашканы турат. Бул шартта машиналар дагы 30 пайызга кымбаттап, электро мобилге өтүүнү алдыга жылдыруу кыйындайт.
Автор: Анархан Алтымышова
Сүрөт: Руслан Кубанычбеков