Климат

Климат темасы эмне үчүн маанилүү?

Бишкекте төртүнчү ирет “Кыргызстан 30+” жарандык форуму өттү, ага өлкөнүн бардык аймактарынан өкүлдөр катышты. Форумда төрт теманын алкагында талкуу жүрдү: жергиликтүү жамааттар, чакырыктар жана жарандар; коомчулуктун баалуулуктары, келечекке болгон көз карашы; билим берүүдөгү кыйынчылыктар жана мүмкүнчүлүктөр; климаттын өзгөрүшү – жарандардын айлана-чөйрөсү.

Сорос-Кыргызстан Фондунун Демократиялык башкаруу программасынын директору Эмиль Жураев тандалып алынган темалардын маңызына токтолду.    

«Албетте Кыргызстанда көйгөйлөр, ойлондурган маселелер өтө көп. Бирок буларды  талкуулап, түшүндүрүп келгенде жеке адамга түздөн түз тиешеси бар экенин аңдоого болот. Экинчи себеби ушул темалар боюнча коомчулукта түшүнбөстүктөр, пикир келишпестиктер арбын. Анын ичиндеги климаттык өзгөрүү азыркы кезге чейин дүйнөдө болуп жаткан тээ алыста, глобалдык саммиттерде талкууланган, атактуу окумуштуулар сөз кыла турган маселе деген пикир калыптанып калган. Биз ошону ар бир адамга жакын алып келүүгө аракет кылдык. Коомчулук  күн сайын ушул маселелерди талкуулап эле жүрөбүз  смог, абанын булганышы, кургакчылык, Токтогул суусактагычтагы абал, энергетикалык кризис, айтор баардыгы климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу экенин түшүнүүбүз зарыл».

Форумда Борбордук Азиядагы Америка университетинин доценти, эксперт Сагынбек Орунбаев баяндама жасап, экологиялык чечимдер институтунун өкүлдөрү түзгөн Ecomap долбоорун сунуштады. Айтымында карта Кыргызстандын экологиясы үчүн атайын иштелип чыккан. 

«Учурунда окумуштуулардын пикири экиге бөлүнчү. Айрымдары «планетада глобалдык жылуулук жок, бул болгону циклдик өзгөрүү», дешкен. Бирок көпчүлүгү глобалдык жылуулук бар экенин билдирип келишкен. Мындай жүйө 2021-жылы тастыкталып отурат. Далил  менен айта турган болсок, мисалы дүйнөлүк экологиялык картада 2030-2039-жылдары климаттын өзгөрүүсү температуранын жылышы менен көрсөтүлгөн. Бул жерде субэкватордук  аймакка жакын орун алган Тянь-Шань,Кыргызстан жана Тажикстандын территориясындагы температуранын өзгөрүүсү жогору экенин көрүүгө болот.  Анда 2030-2039-жылдарга карата ушул региондордо темпреатуранын жылышы 4-6 градуска жетет деп көрсөтүлгөн. Өзгөрүүлөрдүн башталышына быйыл күбө болдук. Буга чейин Чүй өрөөнүндө жер астындагы суулар көтөрүлүп турчу, быйыл кургакчылык каптады. Суунун жетишсиздигин сездик. Бул климаттын өзгөрүүсүнүн башталышы. Ушул өзгөрүүлөр илим адамдарынын Кыргызстандын эко календарын түзүүгө түрткү берди».

«Жашыл энергетика» коомдук фондунун төрайымы Анара Султангазиева таштанды полигондорунун абалы, аны чечүү жолдоруна токтолду.

«Расмий түрдө Кыргызстандын аймагында 500гө жакын таштанды жайлары бар. Ошонун 107си гана көзөмөлдөнөт. Калганы стихиялык абалда. Бул жаатта көп сунуштар берилген, бирок чечиле элек. Негизинен маселе каражатка  келип такалат, андан кийинки фактор мамлекеттик кызматкерлердин кесипкөйлүгүнө, саясий туруктуулугуна байланыштуу. Анткен менен эң башкы көйгөй адамдардын маданиятында. Климаттын өзгөрүүсү, табигый кырсыктардын байма бай орун алышы адамдардын баш аламан жашоосунан келип чыккан. Мындан тышкары альтернативдик энергияны алуу, энерго эффективдүүлүктү өндүрүү жаатында адистер жетишсиз. Кесипкөй адистерди даярдашыбыз керек».

Автор: Анархан Алтымышова

Сүрөт: Влад Ушаков

Shares:

Related Posts

Жаңылык

Видео: Үйдү жылуулонун эң арзан жолу кандай?

Үйдү жылуулонун эң арзан жолу кандай? | ЭкоЖаша - YouTube Канткенде чыгымдарды кыскартып, климаттын өзгөрүшү менен күрөшө аласыз? Бул үчүн үйүңүздү жылуулаңыз! Кыргызстандыктардын үйлөрүндөгү жылуулуктун 60% сыртка эле чыгып кетет
Климат

ЦАКИК-2023: “Борбор Азияда суу таңкыстыгы күчөйт”

Борбор Азиядагы суу жетишсиздиги беш глобалдык тобокелликтердин бирине кирет.Бул туурасында IPCC (МГЭИК) жумушчу тобунун башкы автору Алишер Мирзабаев Дүйшөмбү шаарындагы РЭЦЦА тарабынан уюштурулган "Климаттын өзгөрүшү боюнча Борбор-Азия өлкөлөрүнүн 5-конференциясында" билдирди.Айтымында,
Гендер жана климат

Желим баштык чогултуп, экологияны сактаган Анархан

Кыргызстанда күн сайын же жылына канча желим баштык же идиш колдонулары эсептелген эмес. Бирок өлкөдө желим буюм-тайым чыгарган жеке ишканалар көбөйүүдө. "Тазалык" муниципалдык ишканасы буга чейин Бишкекте күн сайын 500