Бийиктиги 50 метр болгон чыныгы пальма дарагын же Түштүк Американын чөлдөрүндө, жылуу өлкөлөрдө гана өсө турган кадимки банандар менен кактустарды Кыргызстандын кайсыл жеринде көрүүгө болот? Мунун бардыгын Бишкектеги Горький көчөсүндө жайгашкан жалгыз мамлекеттик оранжереяда жолуктура аласыз. Биз бул сапар тропикалык жана субтропикалык өсүмдүктөр өскөн оранжереянын тарыхын, андагы сейрек кездешкен өсүмдүктөр туурасында айтып берүүнү чечтик.
Алгач бир аз тарыхына токтололу
Улуттук илимдер академиянын системасындагы илимий -изилдөө институтунун Э. Гареев атындагы Ботаникалык багындагы гүл жана декоративдүү өсүмдүктөр лабораториясы 1952 -жылы пайда болгон. Ошол эле жылдан баштап алар декоративдик чөптүү өсүмдүктөрдүн, розалардын, ошондой эле тропикалык жана субтропикалык өсүмдүктөрдүн коллекциясын түзө башташкан. Коллекциялар бүткүл СССР өлкөлөрүндөгү ботаникалык бакчалардан тирүү өсүмдүктөрдү алып келүү менен түзүлгөн жана толукталып турган.
Дүйнө өсүмдүктөрүнүн генетикалык ресурстарын Кыргызстандын туруктуу байлыгы жана биологиялык ар түрдүүлүгү катары сактоо жана байытуу максатында 1964 -жылы киришүү (интродукция) лабораториясы уюштурулган. Бул табигый диапазондон тышкаркы ар кандай өсүмдүктөрдүн индивиддерин атайылап же кокусунан жаңы жашоо чөйрөсүнө көчүрүү дегенди туюндурат.
Лабораториянын башчысы Ирина Петровна Бондарцова 50 жылдан бери ушул жакта эмгектенет. Окумуштуу агроном бүгүнкү күндө лаборатория кандай жашап жатканын айтып берди.
Ирина Бондарцова
Лабораторияда өсүмдүктөрдүн тирүү коллекциялары бар алар муундан муунга өткөн баалуу материал. Негизинен лаборатория коллекциясын жайылтуу менен алектениши керек, бирок питомниктер жок болгондуктан, жайылтуу биз каалагандай эмес.
Коллекциялар дүйнөдөгү биз кызматташкан 150 ботаникалык бакчалардан гана алынат.
Бизге бөлүнгөн каражат ушунчалык аз болгондуктан лабораторияда иштеш керек болгон 15 адамдын ордунда үч эле кызматкер калды. Жумуштун бардыгы ушулардын мойнунда. Аз айлыкка эч кимдин келгиси келбегендиктен 3 эле илимий кызматкер бар.
Эми гүлдөр туурасында
Лабораторияда гүлдөрдүн эки миңден ашык түрү бар. Ар бир ботаниктин кыялы – бул мүмкүн болушунча көптөгөн гүлдөрдүн түрүн алуу. Ошондуктан лаборатория кызматкерлери башка ышкыбоз гүл өстүрүүчүлөр менен өсүмдүктөрдү алмашышат, айрым учурда жаңы сорттогу гүлдөрдү өз каражаттарына сатып алышат.
Лаборатория ошондой эле өсүмдүктөрдү сатуу менен алектенет. Гүлдөр ошол аймакта болоорун билген адамдар келип сатып алышат бирок, сатуунун көлөмү чоң эмес.
Күнөскана жөнүндө
Лабораториядагы оранжерея мамлекеттеги жападан жалгыз оранжерея. Бул жерде Африка, Түштүк Америка, Япония, Австралия жана башка өлкөлөрдүн экзотикалык гүлдөрү жана өсүмдүктөрү өсөт. Бийиктиги 50 метр болгон чыныгы пальма дарагы, банан дагы бар.
Быйыл күнөсканада оңдоп түзөө иштери орун алды. Себеби 2018 -жылдын январындагы Бишкек ЖЭБдеги аварияда оранжерея тропикалык жана субтропикалык өсүмдүктөрдүн 90% жоготкон. Лабораториянын кызматкерлери дагы деле ошол өсүмдүктөрдүн түрлөрүн калыбына келтирүү менен алектенишүүдө. Алар кээ бир өсүмдүктөрдү сатып алышса айрымдарын гүл сүйүүчүлөр беришкен. Башка өлкөлөрдүн ботаникалык бактары менен алмашуу аркылуу дагы коллекцияны толтурушууда.
Шаардын так ортосунда жайгашкан лабораториянын 5 гектар жерине кимдер гана көз арткан жок. Аквапарк, бизнес борбор, көп кабаттуу турак жай комплексин курууну каалагандардын саны арбын. Бирок лабораторияны ушул кезге чейин өзгөчө корголуучу аймак статусу сактап келет.
Автор: Мунара Боромбаева
Сүрөт: Мунара Боромбаева