Жашыл-экономика

“Bishkek solar” Тору-Айгырга күн электр станциясын курат

Азамат Искембаев күн электр станцияларын иштеп чыккан Бишкек «Солар» компаниясынын башкы директору.

-Күн электр станцияларын канча убакыттан бери өндүрөсүздөр?

-Бишкек «Солар» компаниясы негизделгенине 5 жылдай болду, ошондон бери кайра жаралуучу энергия булактары, айыл чарбасы тармагындагы жаңы технологияларды иштеп чыгуучу Кыргызстандык, Россиялык жана Түркиялык энергетиктер бир катар эффективдүү экотехнологияларды иштеп чыгып, сынап көрүштү. Компания өндүргөн күн электр станциялары жана капсулдук сугарууга багытталган техника сууну 70%га үнөмдөйт. Учурда компания дүйнөдө аналогу жок жаңы технологияларды өндүрүүдө:

1. 50 метр жана андан бийик, көп кабаттуу күн электр станциялары муну орнотууда 70% ашык жер үнөмдөлөт.

2. Күн электр станциясы бир эле учурда бир нече функцияны аткарып, Ысык-Көлдүн экономикасын жана туризмин өнүктүрүүдө чоң ресурстарга ээ.

3. Композиттик, брондолгон жана тунук материалдардан жасалган “Bishkek Solar” компаниясынын боз үй курамасы.

-Сиздердин компания сунуштап жаткан күн электр станциясы кандай кубаттулуктагы энергия бере алат?

– Кыргызстанда 2-2,5 млрд кВт саат электр энергия жетишпейт. Биз 1 жылда болжолу менен 1 млрд кВт саат күндөн алынган электр энергиясы менен камсыздай алабыз. Ошол эле Казакстандан сатып алып жаткан энергияны бизден алса болот. Сунушталып жаткан экотехнологиялардын өзүн-өзү актай турган мөөнөтү 6 жыл. 6 жылдан кийин энергиянын өз наркын 50 тыйынга чейин түшүрө алабыз. Бул элге жана мамлекетке пайда алып келет. Ал эми технологиялардын иштөө мөөнөтү, тагыраагы кепилдиги 35-40 жылга чейин. Компания инвесторлор менен келишим түзүү аракетин көрүүдө. Энергетика жана өнөр-жай министрлиги  менен меморандум бар. Ага ылайык биз иштеп чыккан электр энергияны мамлекет сатып алат. Планетанын экологиялык тазалыгы үчүн жүрүп жаткан күрөштүн акыркы тенденцияларын эске алганда, күн энергиясы эң перспективдүү тармак болуп саналат. Ал жарым-жартылай отун ресурстарынан алынган энергияны алмаштыруу менен глобалдык жылуулуктан коргойт. Күн электр станцияларын өндүрүү, ташуу, орнотуу жана колдонуу дээрлик атмосферага зыяндуу заттарды бөлүп чыгарбайт. Болсо дагы салттуу энергия алуу булактарына салыштырмалуу экологияга дээрлик терс таасири жок. 

-Долбоорго кызыккан инвесторлор барбы?

– Азыр 2 эле тармакка инвестиция тарта алабыз, бул-жашыл экономика, жашыл энергетика тактап айтканда, күн панелдери, шамал станциялары, экинчиси-социалдык долбоорлор. Бирок, инвестиция министрлиги ар бир келген инвесторлорго гидростанияларды  салгыла деген сунушун берип жатат. Келген делегаттар сууңар азайып, мөңгүлөр ээрип жатат деген таризде акча салуудан баш тартышууда. Дүйнөлүк банктар дагы инвесторлорду жашыл экономикага каражат салууга милдеттендирүүдө. «Бишкек Солар» компаниясы сунуш кылган технологиялардын дүйнөлүк баасы салыштырмалуу ылдый, $595 түзөт. Техникаларды орнотууну дагы жеңилдеттик.

-Сиз айткандай энергетика жана өнөр жай министрлиги менен келишим бар болсо, Кыргызстандын аймагына эле орното берсеңиздер болбойбу?

-Тору-Айгырга 300 МВт күн электр станциясын салганга, компания иштеп чыккан панелдерге жана күн коллекторлоруна акча салганга даяр жергиликтүү инвесторлор бар. Андан эч кандай зыяндуу заттар бөлүнүп чыкпайт. 300 мегаваттуу станция орнотулса  1 миллион тонна көмүр кычкыл газдын абага чыгуусунан  сактап калабыз. Токтогул суу сактагычындагы   агрегаттын бирөөсү 300 МВт электр энергиясын өндүрүп чыгат. Эгер Тору-Айгырдагы станция жайында электр берип баштаса Токтогул суу сактагычтагы сууну 30%га чейин үнөмдөөгө жол ачылат. Долбоор уникалдуу мисалы, Ысык-Көл боюнча жылына 2700 өлчөмүндө энергия керектелсе, Тору-Айгырда 3200-3300гө чейинки кубаттуулуктагы  электр энергиясын алууга болот. Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн үстүнө орнотуу сунушталган. Деген менен, Бишкекте күндөн алынган энергия 2250 кВт саатты түзөт. Ысык-Көлдөгүгө салыштырмалуу 550-600 саатка аз. Бул жакта Бишкекке караганда 35% көбүрөөк өндүрсө болот. Экинчиден ар бир көп кабаттуу үйгө орнотуу кошумча чыгымга алып келет, уруксат кагаздарын алуу талап кылынат. Мында өздүк наркынын баасы $1200-2000 чейин чыгып кетиши мүмкүн. Ысык-Көлдө 5 миң кишини тейлесе, Бишкекте 5 эле адам тейленип калат. Эки ай мурун Европарламент резолюция кабыл алды анда 2030-жылга чейин күн электр станияларын колдонууга өтүүнү 30 % жеткирүү каралган. АКШ президенти Джо Байден энегрияны күн электр станияларынан алууну  2030-жылга чейин 40%, казактар 45%, өзбектер 15% жеткирээрин белгиледи. Биз дагы алардан калбай ыкчам аракеттерди көрүшүбүз керек.

Автор: Анархан Алтымышова

Сүрөт: Мунара Боромбаева

Shares:

Related Posts

Жаңылык

Баткенде синтепон чыгаруучу цех жана таштанды кабыл алучу жай “Треш-6” фестивалынын алкагында ачылды

Баткенде пластикти кайра иштетүүчү «Баткен Таза Аймак» ишканасында синтепон чыгарылып башталды. Бул Кыргызстанда пластиктен технологиялык синтепон чыгарган алгачкы цех. Эми кайра иштетилген пластик жакшыраак баада сатылат. Ишкана күнүнө 50-300 кг
Жашыл-экономика

Эко жалаяктар

Таштанды жайларына ыргытылган полиэтилен көөктөр жана жалаяктар айлана-чөйрөгө зыян келтирген уулуу заттарды бөлүп чыгарарын билчү белеңиз? Бирок, Айсулуу Борбуева мунун экологиялык альтернативасын таба алды! Айсулуу 3 жылдын ичинде эле чирип
Жашыл-экономика

Пластикти кайра иштетүү

Кыргызстанда катуу тиричилик калдыктарын  чогултуу жана кайра иштетүү көйгөйлүү маселелердин бири. Бул тармакта жети жылдан бери иш алып барган «Эко-Технолоджи» ишканасы ушу күндө пластиктин бардык түрүн, целлофан, картон, кап жана
Жаңылык

Тамак-аш калдыгынан электр энергия өндүргөн «Флюид»

Мэриянын билдиришинче  Бишкекте күнүнө 1000 тоннадан ашык таштанды чыгат. 2019 –жылкы БУӨПтүн изилдөөсүнө ылайык,  алардын 56% тамак-аш калдыктары  же болбосо органикалык таштандылар түзөт. Өкүнүчтүүсү тамак-аш калдыктары башка таштандылар менен аралышып

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген